Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:17

«Андаш» кенин иштетүү боюнча «Кентор Голддун» техникасы даяр


Аталган компаниянын «Андаш» кенин иштетүү боюнча оор техникалары жана атайын унаалары Кыргызстандын аймагында жүрүү үчүн кайра катоодон өттү. Натйыжада кыргыз өкмөтү техникалык коопсуздук талаптарына жооп бергенин тастыктап, техникалардын кен чыгуучу жерде иштешине мүмкүндүк берди. Компаниянын өндүрүш карамагында жалпысынан 36 оор техника бар.

Австралиялык «Кентор Голд» компаниясы 2009-жылдан баштап «Андаш Майнинг Компани» ишканасынын 80 пайыз үлүшүнө ээлик кылып, негизги инвестор эсептелет. Компания 1997-жылы негизделген.

«Андаш» алтын, жез кени 1962-жылы ачылган, союздун учурунда рентабелсиз (өзүн-өзү актабайт) деп эсептелген. Өзүнүн запасы боюнча орто кендердин катарына кирет (20 тонна алтын, 70 000 тонна жез). Кен казуу ачык жол (карьер) менен, жардыруу иштердин жардамы менен казылат. Мындан ары кен автоунаалар менен алтын өндүрүүчү ишканаларга жеткизилет (карьерден ары 7 км). (EBM)

XS
SM
MD
LG