Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Израил чыгым үчүн Түркиядан кечирим сурабайт


Израил өкмөтү Түркиянын Газа секторуна гумжардам тартып бараткан кемеге кол салуу үчүн кечирим суроо талабын четке какты. Май айындагы окуяда түркиялык сегиз адам жана теги түрк АКШы жараны курман болгон. Калабалуу окуядан бери Тель-Авив менен Анкаранын алакасы осол. Анкара достук мамилени калыбына келтирүү үчүн Тель-Авив кечирим суроосун талап кылууда. Бирок дүйшөмбү күнкү Израилдин ашыкчу ултучул тышкы иштер министри Авигдор Либерман Түркия “терроризмди колдогону үчүн” кечирим сурасын деп билдирди. Премьер-министр Бенямин Нетаняху ошол замат Либерман өзүнчө күбүрүнгөн, коомчулук үчүн сүйлөгөн эмес деп, абалды жымсалдаганга аракет кылды.

XS
SM
MD
LG