Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

Бишкектеги жардыруу жана жардыруу аракети боюнча 9 киши кармалды


Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди. Маалыматка караганда, Бишкекте Спорт сарайынын жанындагы жардырууну уюштурган жана шаардык милициянын имаратынын жанына ташталган унаага жардыруучу зат койгон деген шек менен учурда 9 адам кармалып, дагы 5 кишиге издөө жарыяланды. К. Дүйшөбаевдин айтымында Сокулукта унаасын тарттырып жиберген АКШ жараны кармалгандарды бирөөсүн жана үйүнөн уурдалган буюмдарын тааныды. Шектелгендедин бирөөсүнүн үйүн текшергенде террордук иш-чараларды уюштурууга ылайыкташтырылган буюм-жабдыктар табылган. "Кармалгандар экстремисттик-террористтик топтун мүчөлөрү жана Кыргызстандын жарандары", - дейт К. Дүйшөбаев.

25-декабрда таңга маал Бишкек шаардык милициянын жанынан жардыруучу зат коюлган унаа табылган. Кийинчерээк бул унаа Сокулукта убактылуу жашаган АКШ жаранына таандык экени, беттерин чүмбөттөгөн белгисиз бирөөлөр аны үйүнөн карактап машинасын айдап кеткени белгилүү болгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG