Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Баткендиктер Тажикстандагы кыргыз мектептерине жардам берди


Баткен районунун акиминин орун басары Кишимжан Кадырованын бүгүн “Азаттыкка” билдиришинче, мындай демилге жаңы жыл астынан Баткен райондук акимчилиги тарабынан көтөрүлүп, Тажикстандын Исфара районунун Матпари айылындагы 720 окуучусу бар № 20 кыргыз мектебине кыргыз тилиндеги китептерден жардам берилди. Алардын арасында Чыңгыз Айтматовдун жаңы 8 томдугу жана окуу китептери бар. Мындай карым-катнаш дагы да улантылмай болуп, Тажикстандагы кыргыздарга гуманитардык жардамдарды да берип туруу макулдашылды.

Баткенге кошуна Тажикстандын Согди облусунун аймагында беш кыргыз мектеби, Баткен облусунун аймагында жети тажик мектеп бар. (JsA)

XS
SM
MD
LG