Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Эки укук коргоочу "Даңк" медалын алды


Кыргызстанда демократиянын өнүгүшүнө жана адам укуктарын коргоого кошкон салымы үчүн "Кылым шамы" укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова менен "Жарандар коррупцияга каршы" укуктук борборунун башчысы Төлөкан Исмаилова "Даңк" медалы менен сыйланды. Бул тууралуу жардыкка кол коюлганын бүгүн президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул эки укук коргоочу тең Кыргызстан эгемендик алгандан кийинки жылдардан тарта өлкөдө адам укуктарынын сакталышы үчүп күйүп-бышып келгени белгилүү. Адам укуктарын коргоо аракеттери үчүн алар мурдагы эки президенттин тушунда ар кандай кысымдарга кабылган учурлары да болгон.

XS
SM
MD
LG