Жаңы жыл түнү түндүктөгү Александрия шаарында копт христиандарынын чиркөөсүнүн жанында машине жарылып кетип, андан 21 адам набыт болгон. Жергиликтүү бийликтер буга “сырттагы күчтөр да байланышкан болсо керек” деп жатышат. Жардырууну жанкечти жасаган болушу да мүмкүн. Коопсуздук күчтөрү сурактан кийин дагы 10 адам бошотулганын билдиришти.