Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:43

Amnesty International "абийир туткундарын" түрмөдөн бошотууга чакырды


Уюм кечээ тараткан билдирүүсүндө Орусиядагы саясатчылар Борис Немцовду, Илья Яшинди жана Константин Косякинди “абийир туткуну” деп атады. Алар 31-декабрда Москвада “тынч митингдерди өткөрүү укугун коргоо пикетине” чыкканда кармалышкан эле. Кийин 5 күндөн 15 күнгө чейин камалган. Эл аралык Мунапыс кору орус бийликтери элдин эркин жыйындарга чогулуу укугун коргой алышпаганын айтып, камактагы саясатчыларды тезинен бошотууга чакырды. Кечээ ал саясатчыларды колдогон майда пикеттерде да адамдар кармалып, кийин бошотулушту. Бул өңдүү пикеттер бүгүн да өтөөрү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG