Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:02

Бишкек четиндеги атышууда каршылык көрсөткөндөрдүн экөө жок кылынды


Бишкектин четиндеги Беш-Күнгөй айылында жайгашкан үйдү УКМК менен ИИМдин атайын даярдыктагы аскерлери бүгүн түш ченде камалоого алышып, үй ичиндеги террорчу делип шектелгендер куралчан каршылык көрсөтүштү. “Азаттыктын” кабарчылары окуя болгон жерден кабарлашкандай, учурда ок атышуу дале уланууда. Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев “Азаттыкка” билдиргендей, операция учурунда УКМКнын бир кызматкерине ок жаңылды. Террорчу делип шектелгендердин экөө жок кылынды. Алар жашырынып турган үйдү өрт каптады. Азыр камоого алынган үйдө канча адам, канча курал-жарак болгонун аныктоо иштери жүрүүдө. (IJz)

XS
SM
MD
LG