Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:23

Тажикстанда согушкерлерди жок кылуу операциясы жүрүүдө


Тажикстандын чыгышындагы Рашт өрөөнүн Ички иштер министрлиги менен Мамлекеттик коопсуздук комитетинин биргелешкен операциясы жүрүп жатат. Бул жолку атайын операциянын максаты куралчан топтун жетекчиси Мулло Адбулло деген ат менен белгилүү Абдулло Рахимовду жок кылуу.

Буга чейин Раштта мурдагы талаа командири Али Бердаки деген атка конгон Алловуддин Давлатов бир нече тарапкерлери менен жок кылынган.

Өткөн жылдын сентябрь айында куралдуу күчтөрдүн аскер кербенине кол салууда 26 аскер өлүп, 15ке чукулу жарадар болгон. Тажик бийлиги бул кол салууну террордук акт катары баалап, ал үчүн мурдагы Бириккен тажик оппозициясынын талаа командирлери Мулло Абдулло (Абдулло Рахимов) менен Али Бердакини (Аловуддин Давлатов) күнөөлөгөн.

XS
SM
MD
LG