Экономикалык тескөө министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, Кыргызстан 2010-жылдын он бир айында 1 млрд. 250 млн. сомдон ашык продукция экспорттогон. Бул 2009-жылга салыштырмалуу 6,7 пайызга көбөйгөнүн көрсөтүүдө. Статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, экспорттун өсүшү алтындын көлөмүнүн көбөйүшүнө байланыштуу болгон. Кыргызстандын экспортунун кеминде 40 пайызга жакынын түзө турган алтын 2010-жылы буга чейинки жылдарга салыштырмалуу 1,4 пайызга көбүрөөк өндүрүлгөн. (KKs)