Азербайжан Европаны узак жылдар газ менен камсыздамай болду. Мындай келишимге Азербайжан президенти Илхам Алиев жана Еврокомиссиянын төрагасы Хосе Мануэл Барросу 13-январда Бакуда кол коюшту. Еврокомиссиянын билдиришинче, Азербайжан Евробиримдикти газ менен камсыздоо боюнча биринчи жолу өзүнө милдеттенме алды. Келишимге ылайык, газ Европага Орусия аркылуу эмес, Түштүк кууру аркылуу ташылат.