Президенттик кызмат үчүн алты талапкер ат салышууда. Бирок, алдын ала сурамжылоолордун жыйынтыгы көрсөткөндөй, азыркы президент, социал-демократиялык партиянын лидери Анибал Кавако Силва кайра эле бийликке келиши ажеп эмес. Ага шайлоочулардын 60% добушун берет го дешет. Португалияда президенттин ыйгарым укуктары чектелген, анчалык деле көп укуктарга ээ эмес.