Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:18

Тунисте азыркы өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылган акция уланууда


Кабарларга караганда, өкмөттүн кызматтан чегинишин талап кылган демонстранттар түндү премьер- министрдин кеңсесинин айланасында өткөрүштү.

Кечээ ушундай талап менен өлкөнүн жакыр аймактарынан чыккан жүздөгөн дыйкандар борборго жетишкен болчу. Алар азыркы өкмөттө бийликтен кулатылган президентке жакын адамдар көп деп эсептешүүдө.

Бул аралыкта Тунистин полициясы кечээ мурдагы коргоо жана ички иштер министрин үй камагына олтургузду.

Ошондой эле жеке менчик телеканалдын өлкөнүн демократияны көздөй алгачкы кадамдарына бут тосууну көздөгөн деп шектелген башчысы камакка алынды.

Тунисте нааразылык күчөгөнүнө байланыштуу президент Бен Али 10 күн мурда Сауд Аравияга качууга аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG