Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:32

Өткөн жылы Кыргызстанда электр энергиядагы жоготуу 26 пайызды түздү


Бул туурасында “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында энергетика министринин орун басары Автандил Калмамбетов билдирди. “Түндүк электр” ачык акционердик коомунда - 25 пайыз, “Түштүк электрде” - 31 пайыз, “Ош электрде” - 26,3 пайыз жана Жалал-Абад облусунда электр энегия боюнча жоготуулар 28,7 пайыз болгон. Бул жылы бөлүштүрүү компаниялары менен энергетика министрлигинин ортосундагы кол коюлган келишимдерге ылайык электр энергиясындагы жоготууларды 19, 5 пайызга чейин төмөндөтүү пландаштырылып жатат.

2010-жылы Кыргызстанда 11 миллиард 900 миллион кВт саат электр энергиясы иштелип чыккан. Бул 2009-жылга салыштырмалуу 967 кВт көп. Өндүрүлгөн электр энергиянын 1 миллиард 47 миллион киловаты Казакстанга экспорттолгон.

Энергетика министрлиги 2011-жылы 2,5 миллиард кВт саат электр энергиясын экспорттоо мүмкүнчүлүгү бар деп болжоп жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG