Ушул тапта Жогорку Кеңеште коалициялык өкмөттүн мүчөлөрү ант берип жатышат. Ага мамлекет башчы Роза Отунбаева да катышууда. Өткөн жылдын 16-декабрында “Республика” фракциясы “Ата-Журт” жана КСДП менен коалиция түзгөн. 18-декабрда бул коалиция 18 министрден жана үч вице премьер-министрден турган өкмөт түзгөнүн Жогорку Кеңеште кабарлаган. (KKs)