Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:50

Орусия ТИМи: В.Бутка катуу психологиялык басым болууда


Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Вашингтондо журналисттерге билдирди.

Учурда орусиялык ишкер Виктор Бут Нью Йорктто абакта жалгыз камерада кармалууда. Ага өзүн коргоого жана жакындары менен сүйлөшүүгө шарт түзүп берүү керектигин орусиялык министрдин орун басары билдирди.

Буга чейин В.Бут кармалган түрмө жетекчилери Вашингтондон атайын көрсөтмө болмоюнча ал башка камерага которулбай тургандыгын билдирген.

В.Бут 2008-жылы Баңгокто АКШнын өтүнүчү боюнча кармалып, курал жарак сатып, террорчулукту колдогон деп айыпталууда.

XS
SM
MD
LG