Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:33

Европа Биримдиги Ооганстанда укук коргоочунун өлтүрүлүшүн айыптады


Биримдиктин тышкы иштерин тейлеген Кэтрин Эштон талиптер биз уюштурдук деген соңку эки жан кечти чабуулунун курмандыктарына өкүнүчүн билдирди.

Өз билдирүүсүндө Эштон жума күнү Кабулдагы супермаркетте Адам укуктары боюнча Ооганстандын көз карандысыз комиссиясынын мүчөсү Хамида Бармакинин күйөөсү, төрт баласы менен өлтүрүлүшүн айыптады. Эштон Бармакинин «ооган аялдарына үлгү болгондугун, аялдардын жана балдардын укуктарын бекемдөөгө салым кошконун» белгиледи.

Эштон ишемби күнү түштүктөгү Кандагар дубанында жан кечтинин кол салуусунда көз жумган губернатордун орун басары Лагит Ашнаны да эскерди.

XS
SM
MD
LG