Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:32

УКМК: атайын кызматтын өкүлдөрү “авторитет” менен жолуккан эмес


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев Ысык-Көлдөгү атайын кызматтын өкүлдөрү Кара-Колдо “Каприз” мейманканасында кылмыш дүйнөсүнүн авторитеттүү өкүлдөрү менен жолуккан деген маалыматты четке какты. УКМКнын төргасынын билдиришинче, 30-декабрдан 2-январга чейин “Капризде” парламенттин спикери Акматбек Келдибеков үй-бүлөсү менен эс алган. “Келдибеков мамлекеттик кайтаруудагы объект, ошондуктан УКМКнын Ысык-Көлдөгү бөлүмүнүн жетекчиси мамлекеттик кызматкерди кайтаруу иштерин уюштуруп жүргөн. Ошол эле учурда аталган мейманканада азыр издөө жарыяланган кылмыш дүйнөсүнүн белгилүү өкүлү да болгон, бирок аны менен ЖКнын төрагасы да, атайын кызматтын өкулдөрү да байланышкан эмес”,-дейт Дүйшөбаев.

31-январда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы 2010-жылдын декабрь айында Ысык-Көл областтык прокуратурасы менен Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлдөрү Караколдогу “Каприз” мейманканасында кылмыш дүйнөсүнүн авторитеттүү өкүлү менен жолукканы тууралуу билдирүү тараткан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG