Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:09

Кыргыз-түрк мамлекеттер аралык кеңеш түзүлөт


Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаев түркиялык кесиптеши Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушууда мамлекеттер аралык кеңеш түзүү тууралуу макулдашты. Кеңештин алгачкы отуруму ушул жылдын март айында Түркияда өтөт жана анда Кыргызстандагы реформаларды ишке ашыруу, экономиканы көтөрүү, инвестиция тартуу маселелери талкууланат. Эрдогандын айтымында, Түркия Кыргызстанга баш-аягы 450 миллион долларлык инвестиция салган. Кыргыз-түрк өкмөт башчылары бул жолугушууда эки өлкө ортосундагы визаны ушул жылдын аягына чейин алып салууну макулдашты.

Азыр Эрдоган кыргыз президенти Роза Отунбаева менен жолугуп жатат. Андан соң Жогорку Кеңеште сөз сүйлөйт. (EBM)

XS
SM
MD
LG