Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:53

Иранда америкалыктардын соту башталды


Тегеранда тыңчылык үчүн айыпталган үч америкалык жарандын соту кечээ башталды. Революциялык сот бул иш боюнча дагы кеминде бир ирет чогулат. Бул тууралуу камалгандардын адвокаты Масуд Шафии билдирди. Кечээги сот отурумунда айыпталгандар өздөрүнө тайылган күнөөнү мойнуна алышкан жок. Үч америкалык турист 2009-жылы ирак-иран чек арасында кармалган. Өздөрү жолдон адашып калышкан туристтер экенин айтышканына карабай, Иранда аларды америкалык тыңчылар деп айыпташууда. Үч туристтин бирөө былтыр сентябрда күрөө акы менен бошотулган.

XS
SM
MD
LG