Бул тууралуу Түштүк Кореядагы Yonhap маалымат агенттиги кабарлады. Анда айтылгандай, 11 эркек жана 20 аял киши ишембиде Йонпхендо аралына балык уулаган кемелер менен качып барышкан. Корей жарым аралында 1950-53-жылдардагы согуштан кийин Түндүк Кореядан 20 миңден ашуун адам Түштүк Кореяга качып кеткен. Алардын басымдуу бөлүгү Кытай аркылуу өткөнү айтылат.