Линктер

ишемби, 21-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:06

Ооган согушунан кайтпай калгандар эскерилет


Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылганына 22 жыл болду. Буга байланыштуу бүгүн Бишкекте Ооганчы аскерлерге коюлган эстеликтин алдында Ооган согушунан кайтпай калган жоокерлерди эскерүү болот. Митинг-реквием Кыргызстандагы Ооганчылар кеңеши тарабынан уюштурулууда. Эскерүүгө ооганчы-интернационал аскерлер, коргоо министринин 1-орун басары Таалайбек Өмүралиев катышмакчы.

Советтик аскерлер Ооган согушуна 1979-жылы тартылып, 1989-жылы 15-февралда чыгарылып кеткен. Бул согушка Кыргызстандан жети миңден ашуун аскер катышкан. Алардын эки жүз элүүсү каза болуп, алты жүздөйү ар кандай жарат менен кайткан.(ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG