Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:22

Нью-Йоркто коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салынды


Бүгүнкү күндөн тарта Нью-Йорктун парктарында, пляждарында, аялдамаларында, башка коомдук жайларында тамеки чегилсе, ал мыйзамсыз деп эсептелинет. Шаар мэри Майкл Блумберг тиешелүү мыйзамга кечээ кол койду. Бийликтер бул кадамын сырттагы коомдук жайларды да калктын саламаттыгы үчүн кызмат кылдыруу аракети катары мүнөздөшүүдө. Буга чейин Нью-Йоркто ресторан менен барларда тамеки тартууга тыюу салынган болчу. Эми адамдар чылымды өз үйлөрүндө, тротуарларда жүргөндө, унаа токтоочу жайларда гана чеге алышат. Соңку мыйзамга тамеки чегүүчүлөрдүн укугун коргогондор менен либералдар каршы чыгып, өкмөт адамдардын жеке жашоосуна өтө эле көп кийлигишип бара жатат деген тынчыздануусун билдиришкен.

XS
SM
MD
LG