Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:31

Бюджет долбоору үчүнчү окууда 3-мартта каралмай болду


Бул тууралуу бүгүн парламент жыйыны учурунда Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков маалымдады. Анын айтымында, “2011-жылдын бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароодо бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү жаатындагы сандар толугу менен такталып чыгышы керек.

Мыйзам долбоорго ылайык, ушул жылдын бюджетинин таңсыктыгы 21,3 миллиард сомдун айланасында болжонууда. Бюджеттин киреше бөлүгү 68,4 миллиард сом, чыгаша бөлүгү 89,7 миллиард сом деп көрсөтүлгөн. (IJz)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG