Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:23

Президент таланттуу адамдарга көңүл бурууга чакырды


Мамлекет башчы Роза Отунбаева интернет сайтындагы бүгүнкү видеоблогунда азыр коом саясатташып кеткенин айтып, калкты андан арылып жай жашоого жана таланттуу адамдарды колдоого үндөдү. “Келгиле, жанаша жүргөн таланттуу адамдарыбызга көңүл бөлөлү. Турмушубуз аябай саясатташып кетти. Келгиле, жөн гана жашоонун даамын сезели, ыр окуйлу”, - деди Отунбаева. Өз сөзүндө президент белгилүү акын Шайлообек Дүйшеевдин 60 жылдыгын белгилөө иш-чараларына катышып келгенин, анда эл поэзияны сагынып калганын көргөнүн белгиледи. Мындан сырткары жакында Азия оюндарында велосипед жарышы боюнча алтын медал жеңип алган кыргызстандык Евгений Ваккерди ийгилиги менен куттуктап, аны баатыр деп атады. (KKs)

XS
SM
MD
LG