Линктер

ишемби, 23-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:45

Түркиянын биринчи исламчыл премьер-министри дүйнөдөн өттү


Сексен беш жаш курагында дүйнөдөн өткөн Нежметтин Эрбакан 1997-жылы армиянын кысымы менен бийликтен кетүүгө аргасыз болгонго чейин өкмөт башчысынын кызматында бир эле жыл иштеген. Эрбакан лидерлик кылган “Жыргалчылык” партиясына 1998-жылы багыты Түркиянын секулярдык түзүлүшүнө коркунуч туудурат деген жүйө менен тыюу салынган. Ушундан кийин партия экиге бөлүнүп, андагы байистүү күчтөр азыркы премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын жетекчилиги астындагы саясий уюмга бириккен болчу.
XS
SM
MD
LG