Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Германияда плагиат-министр кызматтан кетүүдө


Германиянын коргоо министри Карл-Теодор зу Гуттенберг 1-мартта кызматтан кетүүнү сурап арыз берди. Ал "плагиаттык кылды же бирөөнүн эмгектерин уурдап пайдаланды" деген айыптоолордон улам февралда докторлук даражасынан баш тарткан. Анын илимий ишинде айрым авторлордун эмгегинен шилтемелер булак көрсөтүлбөй пайдаланылганы айкын болгондон кийин маалымат булактары “Көчүрүп алгандын устаты” (Baron Cut-And-Paste) жана “Зу Гуглберг” (Zu Googleberg) деп атап алышкан болчу.

Ангела Меркелдин өкмөтүндөгү 39 жаштагы аристократ Карл-Теодор зу Гуттенберг эң популярдуу министрлерден эле. Гуттенбергдин арызын канцлер жана президент кабыл алабы, азырынча беймаалым.

XS
SM
MD
LG