Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:11

Бир катар судьяларга сыйлык тапшырылды


Жогорку Соттун басма сөз кызматынан маалымдашкандай, Кыргызстандын сот системасындагы кызматкерлердин күнүнө карата өткөн жыйында бир катар судьялар сыйлыкка ээ болушту. Президенттин жардыгына ылайык, “Эмгек сиңирген юрист” наамы Жогорку Соттун судьясы Ырысбүбү Эсенгуловага, Ош шаардык сотунун судьясы Жалал Доороновго, Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басары Мырзамамат Шерматовго тапшырылды. Мындан сырткары Жогорку Соттун жана жергиликтүү соттордун алты судьясы ардак грамота менен сыйланышты.

Кыргызстандын сот системасындагы кызматкерлердин күнү 5-мартта Жогорку Сотто белгиленди. (KKs)

XS
SM
MD
LG