Жапониянын JICA эл аралык кызматташуу агенттигинен “Азаттыкка” билдиришкендей, улуттук борборго рентген-аппарат, УЗИ, электроэнцефалограф, жасалма дем алдыруучу желдеткич, керебетке чиркелген монитор, колонофиброскоп жана гастрофиброскоп берилет. Ошондой эле азыркы колдонуудагы жабдуулар оңдолуп берилип, 500 миң доллар каражатка керектүү тетиктер алынды.
Бүгүн жабдууларды тапшыруу чарасына Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетов, JICA нын туруктуу өкүлү Хидзаки Маруяма, депутат Дамира Ниязалиева жана Улуттук борбордун жетекчиси Камчыбек Узакбаев катышат. Буга чейин жапон тарап мындай жардамын 1996-2004-жылдары көрсөткөн. (AzK)