Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:18

Британия жана Франция Ливиядагы козголоңчуларды таанууга чакырды


Аталган эки өлкө Евробиримдикке мындай чакырыкты Ливиянын өзүндө Муаммар Каддафинин күчтөрү козголоңчуларга каршы чабуулду күчөткөн тушта жасады. Француз президенти Николья Саркози менен британ премьер-министр Дэвид Камерон биргелешкен катында Каддафинин режими Ливияны башкаруу укугун жоготкону айдан-ачык болуп калганын жана алар бийликтен кетүүсү керектигин белгилешти.

Саркози менен Камерон Евробиримдикти бул өлкөдөгү козголоңчулар уюштурган Ливия Улуттук кеңешин турмушка жарамдуу саясий уюм катары таанууга үндөштү жана козголоңчуларга жардам берүүчү аскерий чараларга, анын ичинде Ливиянын аба мейкиндигин учууга болбой турган аймак деп жарыялоо демилгесине колдоо билдиришти. Франция өз тарабынан Ливиянын Улуттук кеңешин биринчилерден болуп расмий тааныды.

Бул уюм өлкөнүн козголоңчулар көзөмөлдөп жаткан чыгыш тарабындагы Бенгази шаарында жайгашкан. Ливиядагы кризис Евробиримдиктин Брюсселдеги бүгүнкү саммитинде башкы маселе болору күтүлүүдө.

Ливиянын өзүндө Каддафиге жан тарткан күчтөр танктар жана артиллерия менен чабуул койгон соң козголоңчулар портук Рас Лануф шаарынан чегингени кабарланды. Каддафинин уулу Саиф ал-Ислам бийлик үчүнчү апта жүрүп жаткан элди козголоңду басып, өлкөнүн чыгышына көзөмөл орнотуу үчүн күч колдонууга даярдыгын эскертти.

XS
SM
MD
LG