Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Түркияда демонстранттар журналисттерге эркиндик берүүнү талап кылышты


Анкарада эки миңдей киши бүгүн шектүү төңкөрүш кутуму боюнча айыпталган кабарчыларды бошотуу менен катар журналисттерди кесиби үчүн сот жообуна тартууга мүмкүндүк берген мыйзамды өзгөртүүгө чакырышты. Негизинен журналисттер катышкан бул нааразылык акциясы бийликтер 2003-жылдагы ашынган секуляристтердин төңкөрүш аракети деп сыпатталган ишке байланыштуу дагы жети журналистти камакка алгандан бир жумадан кийин уюштурулду. Ал иш боюнча 400 чакты киши, анын ичинде журналисттер, саясатчылар, аскер башчылары соттолууда. Премьер-министр Режеп Тайып Эрдогон өзүнө сын айткандарды куугунтуктап жатат деген кинени четке каккан.

XS
SM
MD
LG