Кабарчыбыздын маалымдашынча, Бишкектеги “Ата-Түрк” сейил багында мыйзамсыз орнотулган 10 чакты күркө алынып жатат. Буга күркө ээлери макул болбой каршылык көрсөтүүдө. Окуя болгон жерде шаардык мэриянын жана тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү жүрүшөт. Бишкек шаардык мэрия буга чейин Ош базарды ирээтке келтирүү үчүн жүздөн ашуун соода жайларын, күркөлөрдү ала баштаган болчу. (EBM)