Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:38

Таластагы Андаш кени жабылат


Бул тууралуу аталган кенди иликтеп келген жумушчу топтун мүчөсү, депутат Кожобек Рыспаев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, жумушчу топтун иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен Андаш кенин иштетүү максатка ылайыксыз деп табылып, Жогорку Кеңеш аны жабуу тууралуу токтом чыгарды:

- Экологияга терс таасир тийиши мүмкүн экен. Ошондуктан аны таптакыр ачканга болбойт деген чечим чыгарганбыз. Анткени бардыгынан да кен калдыктарын сактоочу жайдын суунун башында болгонуна каршы болдум. Жогорку Кеңеш да муну колдоду, жумушчу топ да колдоду. Жергиликтүү жашоочулар да кен иштетүүгө каршы болушту , - деди Кожобек Рыспаев

Буга чейин Таластагы Андаш кенин иштетүүгө каршы топ Бишкекте нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Алар “Андашка” берилген лицензиянын жокко чыгарууну талап кылышкан болчу. Өз кезегинде кенди өздөштүрүү каалаган “Андаш Майнинг Компани” компаниясы алардын аракети табиятка запкысын тийгизбесин, кен иштетүүдө уулуу зат - цианид колдонулбасын билдирген болчу.

Андаш кени Талас районунун Көпүрө-Базар айылынын аймагында жайгашкан. Бул жерде 20 тоннадай алтын, 70 миң тоннадай жез бар. Совет доорунда бул кен өзүн-өзү актабайт деп иштетилген эмес. 2009-жылдан баштап бул кендеги негизги инвестор катары "Андаш Майнинг Компани" ишканасында 80 пайыз үлүшү бар австралиялык "Кентор Голд" компаниясы эсептелет. (KKs)

XS
SM
MD
LG