Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:02

Бишкекте аядардын экономикалык симпозиуму ишин баштады


Бишкекте “Ийгиликтин стратегиялары” аттуу Борбор Азия жана Ооганстан аялдарынын экономикалык симпозиуму башталды. Аны президент Роза Отунбаева ачты.

Чөлкөмдөгү ири симпозиум аталган бул иш-чарага АКШ Мамлекеттик департаментинин аялдардын глобалдык маселелери боюнча элчиси Меланни Вервир жана АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия маселелери боюнча жардамчысы Роберт Блейк да катышууда.

Симпозиумдун алкагында Борбор Азия жана Ооганстандан келген саясатчы аялдар жана жеке менчик ишканалардын ээлери, билим берүү тармагынын жана жарандык коомдун жетекчилери аялдардын ишкерлигин колдоо боюнча ой бөлүшөт. Анда АКШнын мамдепартаменитинин катчысы Хилари Клинтондун видеокайрылуусу да көрсөтүлөрү күтүлүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG