Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:00

Жетим-Тоо кытайлыктарга берилеби?


Кыргызстан премьер-министри Алмазбек Атамбаев жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенамановго сөгүш жарыялады.

Буга жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов интернеттеги маалымат агенттигине курган маегинде өкмөт Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу үчүн Нарындагы Жетим-Тоо темир кенин, Терек-Сай алтын кенин жана Сандык алюминий кенин чет өлкөлүк инвесторлорго берери, бул боюнча токтом чыкканы тууралуу айтты деген маалымат негиз берген.

Өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти Болот Жумабаев жаратылыш ресурстары министрине өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев сөгүш жарыялаганын ырастады.

- Жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов туура эмес комментарий бергени үчүн ага сөгүш жарыяланды. Премьер-министр жолугушуусунда "мен мындай токтомго кол койгон эмесмин, эч качан койбойм" деп айтты. Бизге темир жол керек, бирок мындай кымбат баада эмес.

Сынактан өтмөйүн лицензия жок

Замирбек Эсенаманов сөгүш алганын укпаганын, ошону менен бирге эле жогорудагыдай маалыматты таратпаганын билдирди:

Замирбек Эсенаманов
- Туура эмес басып чыгарышыптыр. Тескерисинче, Жетим-Тоо менен Сандыкты өкмөттүн карамагына өткөрүп бердик. Бизде 2009-жылы чыккан 410-токтом бар. Ошол жерде мамлекеттик стратегиялык объектилерди ошол жерге топтоп, өкмөттүн атайын токтому менен бериле тургандарга коштук. Сандык да, Жетим-Тоо да эч кимге берилген жок.

Министрдин белгилешинче, кен байлыктарды иштетем деген инвесторлор бир гана сынактык негизде гана лицензия алышат. Мында ириде мамлекеттин, кен байлыктарга жакын жайгашкан элдин кызыкчылыктары эске алынат.

Нарындыктар нааразы

Ал ортодо бул кабар жеткен Нарын облусунун тургундары нааразы боло баштады. Нарындык Бактыгүл Жумабаева:

- Апрелде эмнеге чыктык эле? Ушул Жетим-Тоо үчүн. Мурунку президенттердей болуп азыркылар элди эмнеге мышык-чычкан ойнотуп атат? Отунбаева, Атамбаев Нарынга чейин келип кетишпеди беле? Бүгүнкү элди неге шылдың кылып атканына башыбыз катып атат.

Нарын районунун Он-Арча айылынын Төлөгөн аттуу тургуну:

- Эгерде Жетим-Тоо, Сандык Кытайга өтүп кетсе, анда Көлдөн бери бүт Кыргызстан жоголот. Өлсөк өлдүк, бирок Жетим-Тоо менен Сандыкты Кытайга бербейбиз. Муну жалпы Нарын эли колдоп атат. Биз буга тикеден-тик турабыз.

Жергиликтүүлөр 10-августта бир катар депутаттар жана бийлик өкүлдөрү келгенде маселени кабыргасынан койгону жатышканын билдиришти.

Былтыркы апрель окуяларынан көп өтпөй нарындыктар Жетим-Тоодо чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан чет жердик өкүлдөрдү кубалап чыккан. Бирок ал кенди ким иштетет, иштетсе нечен миллион долларлык инвестицияны ким салат деген суроолор азыркыга чейин ачык калууда.

XS
SM
MD
LG