Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:40

Тамекиге акциздик марканын кымбаттыгы аткезчиликке жол ачууда


Тамекиге болгон акциздик маркалар боюнча Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандын журналисттеринин катышуусунда тренинг уюштурулду.

Эксперт Андрей Красниковдун билдиришинче, ушул тапта бул өлкөлөр арасында тамекинин контрабандасы көп болууда. Буга акциздик маркалардын кымбаттыгы башкы себеп.

Тренингде тамеки өндүргөн ири компаниялар акциздик марка менен иштөөгө кызыкдар экендиги, ошол эле учурда андан түшкөн каражат максатсыз пайдаланылып жатканын белгилешти. Ушул тапта 10 сомго чейинки тамекинин пачкасына акциздик марка - 32 сом, 10-16 сомдук тамекинин пачкасына - 91 сом жана 16-24 сомдук тамекинин пачкасына -195,5 сом турат. (AzK)

XS
SM
MD
LG