Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:34

Үгүткө катышкан мамлекеттик кызматкерлер жазаланат


Мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер жана жергиликтүү бийликтегилер шайлоодогу үгүт иштерине катышып, административдик ресурсту пайдаланса, алар жазаланышат. Бул боюнча Жогорку Кеңештин токтому бүгүн кабыл алынды.

"Азаттыкка" парламенттин тиешелүү комитетинен кабарлашкандай, шайлоодо тигил же бул талапкерге үгүттөгөн аткаминерди 5 жыл бою мамлекеттик кызматка жолотпоо сунушталууда. Жогорку Кеңештин токтомдору милдеттүү түрдө колдонулушу шарт. 30-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо болот. Талапкерлердин саны 20 адам. (RK)

XS
SM
MD
LG