Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

Ошто дарыгерлердин айынан ВИЧке чалдыккандар үчүн батир талап кылышты


Ош облусунда дарыгерлердин шалаакылыгынан улам ВИЧ-инфекциясына чалдыккан балдардын энелери бүгүн Ошто маалымат жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу кабарчыбыз Мухамедали Токтакунов билдирди. Анын айтымында, энелер күнөөлүү дарыгерлер тиешелүү жазасын алышы керектигин талап кылышты. Балдарга берилүүчү пособие 3 эсеге жогорулатылып, учурда Ошто салынып жаткан үйлөрдөн ар бир балага бирден батир берилиши керектиги да айтылды.

2007-жылы Ош облусунда дарыгерлердин шалаакылыгынан 17 балага ВИЧ инфекциясы жуккан. 6 медицина кызматкери жоопко тартылган.

Республикалык СПИД борборунан "Азаттыкка" маалымдашкандай, учурда Ош облусунда ВИЧ инфекциясы менен жашап жүргөн балдардын саны 185. Алардын арасынан 23 бала бир жарым жашка чейинкилер. Бир жарым жаштан 4 жашка чейинкилердин саны 134. Ал эми беш жаштан 14 жашка чейинки балдар - 28. (MTo/RK)

XS
SM
MD
LG