Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Караколдо майып балдардын дээрлик 80 пайызы мектепке барбайт


Бул тууралуу “Азаттыкка” мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштөө боюнча коомдук уюмдун төрайымы Гүлмира Казакунова билдирди. Анын айтымында, бул балдардын билим алуусуна бир нече себеп тоскоол болуп жатканын айтты. Биринчиден, майып балдарга мектеп ичинде шарт түзүлгөн эмес, атайын окуу программасы жок. Экинчиден, айланасындагы башка окуучулардын, мугалимдердин терс мамилеси. Үчүнчү эң негизги себеп – каражаттын жетишсиздиги.

Казакунованын айтымында, Ысык-Көл облусундагы расмий маалыматтар боюнча, 6 700 майып бала бар, бирок чынында бул сан мындан да көбүрөөк. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG