Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Академиктер талапкерлерди от менен ойнобоого үндөштү


Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын академиктери шайлоого карата элге кайрылып, биримдикке жана ынтымакка чакырышты. Президенттикке талапкерлерди от менен ойнобоого үндөштү. Талапкерлердин улут аралык мамилелер жана аймактарга бөлүнүү сыяктуу маселе боюнча кетирген катачылыгы трагедияга алып келиши мүмкүн экендиги айтылат. Бүгүн жарыяланган кайрылууга 44 академик кол койгон. Анда аймактарга, улуттарга бөлүнбөө чакырыгы бар. Президенттик шайлоого 18 талапкер катышып жатышат. Добуш берүү күнү - 30-октябрь. (RK)

XS
SM
MD
LG