Дамаскка бийлик менен оппозиция ортосундагы жаңжал жөнгө салынышына ортомчулук кылуу аракетинде келген делегация башчысы, Катардын премьер-министри шейх Хамад ат-Танинин айтымында, Башар Ассад менен сүйлөшүүлөр “чын жүрөктөн” өттү. Жолугушуунун кезектеги айлампасы 30-октябрга белгиленди.
Сирияда соңку бир күн ичинде Ассаддын режимине каршылардын куралдуу кол салуусунан тогуз аскер кызматчысы, ал эми операция учурунда 11 жөн-жай тургун каза тапкан.
БУУнун эсептерине караганда, режимге каршы элдик толкундоо башталган март айынан бери Сирияда 3000дей кишинин өмүрү кыйылды.