Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

Саат 12ге карата Оштогу шайлоочулар эң жогорку активдүүлүк көрсөтүштү


"Шайлоо" мамлекеттик автоматташтырылган системасынын маалыматына ылайык, саат 12ге карата Кыргызстан боюнча шайлоочулардын эң жогорку активдүүлүгү Ош шаарында байкалды. Бул саатка карата оштук шайлоочулардын 13,63 пайызы добуш беришти.

Эң пассивдүү Бишкек шаары болууда. Борбордо жалпы шайлоочулардын 2,74 пайызы гана добуш беришти. Облустар арасында алдыда Жалал-Абад келатат. Андан кийин Чүй, Ош, Ысык-Көл, Баткен, Талас, аягында Нарын облусу келатат.

Жалпы Кыргызстан боюнча саат 12ге карата добуш берген шайлоочулардын саны 243 миң 531 болду. Бул жалпы шайлоочулардын 8,03 %. (RK)

XS
SM
MD
LG