Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:17

Ташиев шайлоонун жыйынтыктарын тааныбайт


Президенттикке ат салышкан талапкер Камчыбек Ташиев 30-октябрда болгон шайлоонун жыйынтыктарын тааныбайт. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Митинг, пикеттер болушу мүмкүнбү деген суроого жооп берип жатып Ташиев: "Биз ар бир добушту коргоп алабыз. Шайлоо укугу бузулуп, ар намысына шек келтирилген шайлоочулар ыза болушууда. Бийлик ачык түрдө элди бөлүп-жарып, ошол аркылуу жеңишти камсыз кылганга аракет кылып жатат. Бирок биз муну ушу бойдон калтырбайбыз", - деди.

Анын айтымында, добуш берүү учурунда шайлоочуларды коркутуп-үркүтүү, добуш сатып алуу, протоколдорду алмаштыруу сыяктуу миңдеген мыйзам бузуулар катталды. Алардын видео жана аудио далилдери бар.

БШКнын соңку маалыматы боюнча, 30-октябрда өткөн шайлоо күнү Камчыбек Ташиев шайлоочулардын 14,32 % добушуна ээ болду. (KJ/RK)

XS
SM
MD
LG