Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:36

Казакстандагы жардыруу үчүн исламчыл уюм жоопкерчилик алды


Өлкө батышындагы Атырау шаарында кечээ болгон жардыруулар үчүн өзүн "Катиба Жунд ал-Халифат" же “Халифаттын жоокерлери” деп атаган уюм жоопкерчилик алды. Алардын билдирүүсү экстремисттик топтор пайдаланып жүргөн “Кавказцентр” сайтына жайгаштырылган. Билдирүүдө аталган уюм жардыруу жанкечти тарабынан жасалды деген расмий маалыматты четке кагып, бомбанын мерчемделгенден эрте жарылуусунан бир адам өлгөндүгүн белгилеген.

Казак бийликтери Атыраудагы кечээги эки жарылуунун биринде шаардын жыйырма төрт жаштагы тургуну өзүн-өзү жардыруусунун натыйжасы экендигин билдирген. Бүгүн анын ысымы Бауржан Султангалиев деп жарыяланды.

Мурдараак “Катиба Жунд ал-Халифат” тобу казак өкмөтүнөн дин боюнча жакында кабыл алынган мыйзамды жокко чыгарууну талап кылып, болбосо буга каршы чара көрүлөрүн эскерткен.

Казак бийликтери исламчыл уюмдун соңку билдирүүсүн азырынча комментарийлей элек.

XS
SM
MD
LG