Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Грециядагы референдум боюнча сүйлөшүү өтөт


Франция, Германия лидерлери Греция менен референдум боюнча сүйлөшүү өткөрөт. Француз президенти Николя Саркози менен немис канцлери Ангела Меркелдин бүгүнкү телефон сүйлөшүүсүнөн кийинки биргелешкен билдирүүсүнө караганда, Грециянын референдум өткөрүү боюнча күтүүсүз чечимин талкуулоо үчүн алар Эл аралык валюта корунун башчысы жана Греция, Европанын өкүлдөрү менен жолугат.

Грецияда референдум өлкө кабылган карыз кризисин жөнгө салуу боюнча өткөн аптада жетишилген планга байланыштуу өткөрүлөрүн премьер-министр Жорж Папандреу кечээ жарыялаган. Мурдагы аптада еврозонанын лидерлери Грециянын карызынын 50 пайызын кечүүнү жана ага дагы 130 миллиард евро насыя берүүнү караган планды макулдашкан эле. Папандреунун айтымында, ал карыз берип жаткандар талап кылган реформаларды ишке ашыруу үчүн саясий колдоого муктаж болуп турат.

Азырынча референдумдун убактысы белгилене элек. Эгер ал өтсө Грециянын акыркы 40 жылдагы экинчи референдуму болот. Соңку сурамжылоолордун бири Грецияны карыздан чыгаруу планына калктын 60 пайызы каршы экендигин көрсөткөн. Грециянын референдум жөнүндөгү жарыясынан кийин эл аралык каржы базарларында бүгүн акциялардын баасы төмөндөдү.

XS
SM
MD
LG