Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:04

Жалал-Абаддагы митинг кайра шайлоону талап кылууда


Митинг саат 12лерде башталган. Анда сүйлөгөндөр шайлоодо көп адам тизмеде жоктугунан добуш бере албай калгандыгын белгилешип, административдик ресурс колдонулган деп шайлоо жыйынтыктарына жана бийликке да ишенбей тургандыгын айтышууда. Ошондой эле алар өз укуктарын коргоо үчүн Бишкекке да барууга камдуу экендиктерин айтышууда. Митингди ачкан «Ата Журт» партиясынын юристи Рашит Сулайманов акциянын катышуучулары шайлоону жокко чыгаруу жана аны кайра өткөрүү талабы менен парламентке жана президентке кайрылуу кабыл алышаарын билдирди. Митингге уюштуруучулардын эсеби боюнча 1500- 2000дей, ал эми көз каранды эмес байкоочулардын болжолунда 500-600дөй адам катышууда. Губернатордун биринчи орун басары Жумагүл Эгембердиева шайлоодо административдик ресурс болбогону үчүн Камчыбек Ташиев облустагы шайлоочулардын 42 пайызын, Адахан Мадумаров менен Алмазбек Атамбаев 24-25 пайыздан добуш алышкандыгын билдирген. Митингдин качан аяктаары белгисиз. (YA)

XS
SM
MD
LG