Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:29

Мадумаров Жогорку Сотко чейин барат


30-октябрда өткөн президенттик шайлоодо экинчи орунга чыккан Адахан Мадумаров добуш берүүдөгү мыйзам бузууларды сот аркылуу териштирмекчи. “Азаттыкка” курган маегинде Мадумаров митингге чыгуу элдин укугу экенин, шайлоодогу алешемдиктер боюнча керек болсо Жогорку Сотко чейин кайрыларын белгиледи.

Өткөн аптада Адахан Мадумаровдун айрым тарапкерлери Ошто нааразылык акцияларын уюштурган. Ушундай эле митингдерди президенттик жарышта үчүнчү орунга чыккан Камчыбек Ташиевдин да колдоочулары өткөрүшкөн.

Өткөн жума күнү Камчыбек Ташиев элдин бүтүндүгү үчүн нааразылык акцияларын уюштуруудан баш тартканын жарыялаган. Президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча Алмазбек Атамбаев шайлоочулардын 60 пайыздан ашыгынын добушун алып, биринчи болгон. (KKs)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG