Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:17

БШК Арабаевдин күрөөгө койгон акчасын кайтарып берүү маселесин карайт


БШК президенттик шайлоого катышам деп арызын берген Калыбек Арабаевдин шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү маселесин карашы керек. Мындай чечим Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кабыл алынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Арабаев 100 миң сомдук күрөөсүн кайтарып берүүсүн талап кылып сотко кайрылган. Талапкер болуп катталыш үчүн күрөө коюп, тил сынагынан өтүп, 30 миңден кем эмес анык кол топтош керек болчу.

6-октябрда Боршайком Арабаевди президенттикке талапкер катары каттоодон баш тарткан. Шайлоо 30-октябрда өттү. Ага катышам деп аттанган 80ден ашуун адамдын 16сы гана шайлоого катышты. (RK)

XS
SM
MD
LG