Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:20

БШК шайлоо боюнча келип түшкөн арыздарды териштирип бүтө элек


БШК шайлоо боюнча келип түшкөн арыздарды териштирип бүтө элек. Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн БШК мүчөсү Нурмамат Ашымов билдирди. Анын айтымында, шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялоо качан болоору белгисиз. Себеби учурда БШК шайлоо боюнча келип түшкөн арыз, даттанууларды териштирип жатат. Бирок алар боюнча кандай чечим кабыл алынган күндө да, азыр айтылып жаткан жыйынтыкка кандайдыр бир олуттуу таасирин тийгизе албайт. Президенттик шайлоо Кыргызстанда 30-октябрда өттү. Ага катталган шайлоочулардын 61 пайызы катышты. 0,51 пайызы шайлоого катышкан 16 талапкердин баарына тең каршы добуш беришти. Эң көп - 63 пайыз алган Алмазбек Атамбаев шайлоонун жеңүүчүсү аталууда. Көптөгөн кыргызстандыктар добуш берген күнү өзүлөрүн тизмеден таппай, шайлоого катышуу укугунан ажырашты. (Az/K/RK)

XS
SM
MD
LG