Ош шаарында милиция кызматкерлери үчүн 120 батирлүү эки үй салына баштады. Бул тууралуу Оштун губернатору Сооронбай Жээнбеков аймактагы милиция кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу жыйында билдирди. Өтүп бараткан жумада жер-жерлерде кыргыз милициясынын 87 жылдыгы белгиленди. (EBM)